2024-12-11 20:40:49 40
2024-жылдын 30-ноябрында Ош мамлекеттик университетинде “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу XI аймактык студенттик илимий конференция болуп өттү. Конференциянын VII секциясы “Морфо-клиникалык изилдөөлөр” деп аталып, ОшМУнун башкы имаратынын 302-аудиториясында өткөрүлдү. Секциянын модератору медицина илимдеринин кандидаты, доцент Турдубаев Курсанбек Ташболотович ал эми катчысы окутуучу Ырысбаев Эрзамат Ырысбаевич болду. Секцияга ОшМУнун медицина факультетинин стоматология адистигинен төмөнкү студенттер өз изилдөөлөрү менен катышты: 1. Ст-9-21 студенти Ажиматова Амина Темасы: «Профилактика стоматологических заболеваний среди детей и подростков города Ош» Жетекчиси: окутуучу Ахматов А.Т. 2. Ст-5-21 студенти Бекмаматов Акматбек Темасы: «Адгезивные композитные реставрации» Жетекчиси: окутуучу Эрмеков Э.О. 3. Ст-5-22 студенти Кадырова Лазиза Темасы: «Влияние раннего удаления молочных зубов на развитие зубочелюстных аномалий у детей» Жетекчиси: окутуучу Абдуллаева К.А. Конференциянын жыйынтыгында: • II даражадагы диплом: Ст-9-21 студенти Ажиматова Амина Баяндама: «Профилактика стоматологических заболеваний среди детей и подростков города Ош» • Сертификат: Ст-5-21 студенти Бекмаматов Акматбек Баяндама: «Адгезивные композитные реставрации» Ст-5-22 студенти Кадырова Лазиза Баяндама: «Влияние раннего удаления молочных зубов на развитие зубочелюстных аномалий у детей» Бул иш-чарада студенттердин илимий жана практикалык көндүмдөрү жогору бааланып, алар илимге болгон кызыгууларын арттырууга өбөлгө болгон чоң тажрыйба алышты. Секцияга катышкан студенттердин ийгиликтери факультеттин илимий потенциалын көрсөттү жана алардын мындан аркы изилдөө иштерине дем берди.