2024-12-11 20:46:53 35
2024-жылдын 27-28-ноябрында Өзбекстандын Ташкент шаарында Ташкент Мамлекеттик Стоматология Институтунун уюштуруусу менен стоматологдордун VII Эл аралык Конгресси “Стоматологиянын жана жаак-бет хирургиясынын актуалдуу проблемалары” деген темада өттү. Бул илимий-практикалык иш-чарага дүйнөнүн ар тарабынан келген стоматология тармагындагы алдыңкы адистер, изилдөөчүлөр жана практик адистер катышты. Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин стоматология адистигинен төмөнкү окутуучулар жана илимий кызматкерлер бул иш-чарага катышып, өз салымдарын кошуп келишти: Ешиев Абдыракман Молдалиевич Медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспондентти. Арстанбеков Маматжан Арстанбекович медицина илимдеринин кандидаты, доцент. Ахматов Абдихалил Толобаевич окутуучу. Асанов Азиз Кыпчакович окутуучу. Эрмеков Эртабылды Омуралиевич окутуучу. Конгресстин алкагында заманбап стоматологиянын жана жаак-бет хирургиясынын актуалдуу маселелери кеңири талкууланды. Иш-чарада жаңы инновациялык ыкмалар, дарылоо технологиялары, ортодонтия менен хирургиянын интеграциясы жана изилдөөлөрдүн натыйжалары тууралуу маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Конгрессте медицина илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын мүчө-корреспондентти Ешиев Абдыракман Молдалиевич “Многопрофильный подход к лечению челюстных деформаций: сочетание хирургии и ортодонтии” деген темада баяндамасын жасады.