MorphNews: Олимпиада Самарканд-2020

2024-12-16 08:07:07 61

2024-жылдын 13-14-декабрь күндөрү Узбекистан мамлекетинин Самарканд мамлекеттик медициналык университетинин “Самарканд – 2020” V Эл аралык медициналык жогорку окуу жайлардын студенттеринин арасында өткөрүлүүчү олимпидага ОшМУнун медицина факультетинен гистология жана патанатомия кафедрасынын профессору, м.и.д. С.Т.Шатмановдун жетекчилиги астында, медицина факультетинин деканы, м.и.д., профессор И.Т.Ыдырысов баштаган делегация барып катышып келишти. Олимпидада дарылоо иши адистигинин 4-курсунун студенти Саматов Абдуллох патологиялык анатомия предметинен 3-орунду (жетекчиси м.и.д., профессор Шатманов С.Т.), 2-курстун студенти Полотбек кызы Айбийке гистология, цитология жана эмбриология предметинен 2-орунду (жетекчиси улук окутуучу Джолдошева Г.Т.), “Жаш окумуштуулардын илимий проекттеринин конкурсу” багытында 2-курстун студенти Абидинова Айпери “Научный подход к решению проблемы” номинациясын (жетекчиси улук окутуучу Жаныбек кызы К.) багындырышты. Аталган олимпиада 10дон ашуун мамлекеттен 50дөн ашуун медициналык окуу жайлардын студенттери оффлайн (400 ашуун студент) жана онлайн (4000 ашуун студент) форматта 42 багытта күчтөрүн сынашты. Аталган олимпиадага катышууга мүмкүнчүлүк берген жана чоң колдоо менен көмөк көрсөткөн ОшМУнун ректору, профессор К.Г.Кожобековго, ОшМУнун профсоюз уюмунун жетекчиси, доцент А.Э. Саттаровго ыраазычылык билдирүү менен бекем ден соолук, жаратман ийгиликтерди каалайбыз.