Эл аралык олимпиадада ОшМУнун медицина факультетинин студенттери женишке жетишти.

2024-12-16 11:51:22 54

Самарканд мамлекеттик медициналык университетинин демилгеси менен, медициналык ЖОЖдордун студенттеринин арасында “Самарканд-2020” V Эл аралык олимпиадасы өттү. Аталган эл аралык олимпиадага ОшМУнун медицина факультетинин деканы профессор И.Т. Ыдырысов, гистология жана патанатомия кафедрасынын профессору С.Т.Шатманов баштаган делегация курамында кафедра башчылары, окутуучулар жана 10 студент катышты. Олимпидада дарылоо иши адистигинин 4-курсунун студенти Саматов Абдуллох патологиялык анатомия предметинен 3-орунду (жетекчиси м.и.д., профессор Шатманов С.Т.), 2-курстун студенти Полотбек кызы Айбийке гистология, цитология жана эмбриология предметинен 2-орунду (жетекчиси улук окутуучу Джолдошева Г.Т.), Нурбек кызы Айпери ички оорулар предметинен (жетекчиси доцент Рысматова Ф.Т.), 4-курстун студенти Максутова Арууке тери-венерология предметинен 3- орунду (жетекчиси окутуучу Бурканов А.Э.),ооруну алдын алуу адистигинин 4-курсунун студенти Эралы кызы Акзыйнат 3-орунду (жетекчиси доцент Муйдинов Ф.Ф.)багындырышты. Аталган олимпиада 10дон ашуун мамлекеттен 50дөн ашуун медициналык окуу жайлардын студенттери оффлайн (400 ашуун студент) жана онлайн (4000 ашуун студент) форматта 42 багытта күчтөрүн сынашты. Аталган олимпиадага катышууга мүмкүнчүлүк берген жана чоң колдоо менен көмөк көрсөткөн ОшМУнун ректору, профессор К.Г.Кожобековго, ОшМУнун профсоюз уюмунун жетекчиси, доцент А.Э. Саттаровго ыраазычылык билдиребиз.