Медицина факультетинин «Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология» кафедрасында жаңы окуу- илимий лабораториясы ачылды

2024-12-18 15:32:31 30

18.12.2024 ж Медицина факультетинин «Жалпы, клиникалык биохимия жана патофизиология» кафедрасында жаңы окуу- илимий лаборатория ачылды, лабораториянын ачылуу аземине ОшМУнун ректору Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич, медицина факультетинин деканы Ыдырысов Исматилла Токтоназарович жана факультеттин административдик кенешинин мүчөлөрү катышты. Заманбап лаборатория университеттин ички каражат жана долбоорунун эсебинен каржыланган, жабдуулар чет өлкөдөн алынып келинген. Заманбап лабораториянын ачылышы менен кафедранын илимий -потенциялын жана студенттердин илимий - изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатууга чон шарт түзүлөт. Лабораториянын ачылышы студенттердин теориялык билимин, практикада бекемдөө менен билим сапатын жогорулатууга студенттерди, жаш илимпоздорду жана аспиранттарды илим изилдөө иштерине шыктандырууга багытталган.