2024-12-19 04:34:36 40
2024-жылдын 17-декабрь күнү Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин ички оорулар пропедевтикасы кафедрасы жана Ташкент медициналык академиясы студенттер арасында эл аралык онлайн илимий конференция өткөрдү. Иш-чара студенттердин илимий-изилдөө потенциалын өнүктүрүүгө, заманбап медициналык көйгөйлөрдү талкуулоого жана эки окуу жай ортосундагы академиялык кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган. Конференцияга эки окуу жайдын алдыңкы студенттери катышып, өздөрүнүн изилдөөлөрүнүн жыйынтыктарын сунушташты. Докладдар медицина тармагындагы инновациялар, саламаттыкты сактоодогу актуалдуу маселелер жана алардын чечүү жолдору сыяктуу темаларды камтыды. Иш-чаранын жүрүшүндө илимий баяндамалар боюнча кызуу талкуулар жүрүп, катышуучулар баалуу тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк алышты. Конференциянын жыйынтыгында алдыңкы докладдар жогорку баага татып, студенттерге сертификаттар тапшырылды. Бул иш-чара илимге умтулган жаштардын жаңы демилгелерине шыктандырып, билим берүү жана илимий изилдөө багытында жаңы долбоорлордун пайдубалын түптөдү.