• Новости
  • Военно-медицинская подготовка и безопасность жизнедеятельности

19- декабрь “ОшМУ – мамлекеттик тил ордосу” аттуу иш-чарасынын сыйлоо аземи болуп өттү.

2024-12-19 08:33:54 54

Бүгүн 19-декабрь күнү мамлекеттик тилдин 35 жылдыгына карата “ОшМУ – мамлекеттик тил ордосу” аталышта өткөрүлгөн 3-айлык иш-чараны жыйынтыктоо жана кыргыз тилинин өнүгүүсүнө салым кошкон окутуучуларды сыйлоо аземи болуп өттү. Бул иш-чарага ОшМУнун окутуучулары, ардактуу бүтүрүүчүлөрү жана студенттер катышышты. Аскердик- медициналык даярдоо жана өмүр коопсуздугу кафедрасынын улук окутуучусу Ы.А.Перханова билим берүүдөгү эмгеги, жаш муундарды тарбиялоодогу артыкчылыктары жана эне тилибиздин өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Ош областар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын жетекчлиги тарабынан “Ыраазычылык кат ” менен сыйланды.