• Новости
  • Ортопедическая стоматология с курсом ортодонтии

ОТКРЫТЫЙ УРОК: Штифтовые зубы

2024-12-23 06:36:52 33

2024-жылдын 14-декабрь күнү, экинчи парада (10:20–11:50) 3-курстун 1-группасына Ортопедиялык стоматология жана ортодонтия курсу менен кафедрасынын ассистент-стажеру Айдаров Бекмамат Камалдинович “Штифтовые зубы” деген темада ачык сабак өттү. Ачык сабак кафедранын окутуучуларынын жана чакырылган коноктордун катышуусунда өткөрүлүп, теориялык жана практикалык билим берүү чеберчилиги менен өзгөчөлөндү. Сабакта төмөнкү негизги аспектилер камтылды: • Теманын теориялык негиздерин жеткирүү; • “Штифтовые зубы” боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүү; • Студенттердин активдүү катышуусун камсыз кылып, берилген суроолорго жооп берүү. Кафедранын окутуучулары: • Алтыбай уулу Альберт • Арстанбеков Сабырбек Рустамович (кафедра башчысы) Конок окутуучулар: • Мукаш кызы Айжамал – Хирургиялык стоматология, балдар хирургиялык стоматология курсу менен кафедрасынын окутуучусу. • Маматкасымов Мээримбек Бактыбекович – Терапевтикалык стоматология, балдар терапевтикалык стоматология курсу менен кафедрасынын окутуучусу. Пикирлер Кафедра башчысы Арстанбеков Сабырбек Рустамович: Айдаров Бекмамат Камалдиновичтин сабак өтүү чеберчилигин жогору баалап, анын профессионалдык деңгээлин мындан ары да өркүндөтүүгө чакырды. Студенттер менен иштөөгө жоопкерчилик жана сапаттуу окутуу принциптерин сактоо боюнча сунуштарын берди. Маматкасымов Мээримбек Бактыбекович: Ачык сабак жогорку деңгээлде уюштурулганын жана өтөрүлгөнүн белгиледи. Теманын актуалдуулугу жана методикалык ыкмалар студенттердин материалды өздөштүрүүсүнө оң таасирин тийгизгенин баса белгилеп, ассистент-стажерго мындан ары да өз билимин өркүндөтүү боюнча сунуштарды берди.