2025-01-10 11:15:54 50
Бактыгуль Кулуевна жакында Индияга барып, “Современная диагностика и терапия в онкогематологии” темасындагы гостевая лекцияга катышып келди. Лекция Индиянын алдыңкы медициналык университеттеринин биринде өткөрүлүп, онкогематология тармагындагы акыркы илимий изилдөөлөр жана инновациялык терапиялык ыкмалар тууралуу кеңири маалыматтарды камтыды. Сапардын жүрүшүндө Бактыгуль Кулуевна онкогематология жаатындагы заманбап диагностикалык методдор – генетикалык анализдер, молекулярдык изилдөөлөр жана биомаркерлерди колдонуу тууралуу көптөгөн жаңы билимдерге ээ болду. Ошондой эле, лекцияда рак ооруларын дарылоонун эң жаңы протоколдору, таргеттик терапия жана иммунотерапия жаатындагы жетишкендиктер кеңири талкууланды. Ал өзүнүн алган билимин жана тажрыйбасын ишинде колдонуп, Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына салым кошууну максат кылууда. Бактыгуль Кулуевнанын Индияга болгон сапары онкогематология жаатындагы илимдин соңку жетишкендиктерин үйрөнүүгө жана бул тармакта жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга чоң өбөлгө түздү.