2025-02-07 06:42:28 40
Ош мамлекеттик медициналык факультетинин студенти Сатыбалдиев Кудурет– медицина менен өнөрдү айкалыштыра билген өзгөчө инсан. Ал медициналык факультетте билим алып, адамдардын ден соолугу үчүн талыкпай эмгектенүүнү максат кылган. Ошол эле учурда, ал бий дүйнөсүнүн чыныгы жылдызы. Ар бир кыймылы назиктик менен күчтү, сезимталдык менен эркти чагылдырып, бийге болгон чексиз сүйүүсүн билдирип турат. Анын сахнадагы ар бир кадамы – талыкпаган эмгектин жана чыныгы шыктын жыйынтыгы. Ал илим менен өнөрдү бирдей кучагына сыйдырып, эки тармакта тең ийгилик жаратууда. Бул студенттин эртеңки күнү жаркын, себеби анын жүрөгүндө билимге, өнөргө жана эмгекке болгон сүйүү бар. Сатыбалдиев Кудуреттей таланттуу, эмгекчил жана демилгелүү студенттер биздин келечегибизди жарык кыларына менин ишеничибиз чоң!