2025-02-14 11:22:36 47
2025-жылдын 14-февраль күнү табигый илимдер дисциплиналар кафедрасында кафедра башчысы х.и.к, доцент Г. Г. Омурзакованын жетекчилигинин астында "Медициналык химия", "Биоорганикалык химия", "Биофизика", "Медициналык биология", "Нормалдуу физиология" дисциплиналары боюнча сабак өтүлүүчү виртуалдык лаборатория колдонууга берилди. Ачылуу аземине медицина факультетинин деканы, м.и.д., профессор И.Т. Ыдырысов катышып, каалоо-тилектерин айтып, илимий ийгиликтерди каалады. Виртуалдык лаборатория – бул студенттерге физика-химиялык эксперименттерди жүргүзүүгө жана организмди жөнгө салуунун физиологиялык механизмдерин түшүнүү үчүн зарыл болгон биологиялык процесстерди изилдөөгө мүмкүндүк берген реалдуу лаборатория шарттарын симуляциялаган онлайн программа. Бул программанын жардамы менен кымбат жабдууларды жана химиялык реактивдерди колдонбостон, организмде жүрүүчү ар кандай процесстердин моделин алууга мүмкүнчүлүк болот. Ошондой эле эксперименталдык шарттарды өзгөртүп, ар кандай параметрлер менен эксперимент жүргүзүүдө, тез арада өз натыйжалуулугун берет. Виртуалдык лаборатория медициналык химия, нормалдуу физиология,медициналык биология жана биофизика сабактарынын ортосундагы өз ара интеграциялоого өбөлгө түзөт.