• Новости
  • Ортопедическая стоматология с курсом ортодонтии

Арстанбеков Сабырбек Рустамович "Ардак грамота" менен сыйланды

2025-02-22 08:40:09 15

23-февраль – Мекенди коргоочулар күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Ош шаардык кеңешинин "Ардак грамотасы" менен Ош Мамлекеттик Университетинин "Ортопедиялык стоматология ортодонтия курсу менен" кафедрасынын башчысы, м.и.к. Арстанбеков Сабырбек Рустамович сыйланды. Бул сыйлык ага ак ниет эмгеги, жигердүү ишмердүүлүгү жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн ыйгарылды. Арстанбеков Сабырбек Рустамовичтин медицина тармагына жана билим берүү жаатындагы кошкон салымы жогору бааланып, анын кесипкөйлүгү жана жоопкерчиликтүүлүгү дагы бир ирет тастыкталды. Кесиптештеринин атынан куттуктайбыз жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө дагы ийгиликтерди каалайбыз!