• Новости
  • Ортопедическая стоматология с курсом ортодонтии

Медицина факультетинде 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүнө карата футбол турнири өттү.

2025-02-22 09:30:22 10

2025-жылдын 21-февралында ОшМУнун Медицина факультетинде 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган футболдун кичи түрү боюнча турнир болуп өттү. Мелдешке факультеттин 1-курстан 6-курска чейинки Дарылоо иши, фармаца, педиатрия, МПД адистигинин жигиттеринен түзүлгөн командалар катышты. Жалпысынан 15 команда күч сынашкан бул турнирде атаандаштык жогорку деңгээлде өтүп, оюнчулар өздөрүнүн чеберчилигин жана командалык ынтымакты көрсөтүштү. Натыйжада, татыктуу оюн көрсөтүп, жеңишке жетишкен 2-курс стоматология адистигинин студенттери биринчи орунду ээледи. Бул мелдеш студенттер арасында ынтымакты, спортко болгон кызыгууну жана сергек жашоо образын жайылтууда чоң мааниге ээ болду.