2025-03-19 16:21:02 89
Медицина факультеттинин деканаты 2025-жылдын 19-мартында Нооруз майрамына карата салттуу cумөлөк кайнатуу иш-чарасын өткөрдү. Бул майрамга факультеттин окутуучулары, студенттери жана кызматкерлери катышып, биримдикте таттуу сумөлөк жасап, Нооруз майрамынын маанисин белгилешти. Иш-чаранын жүрүшүндө кыргыз элинин улуттук каада-салттары эскерилип, катышуучулар жакшы тилектерди айтып, бири-бирине жылуу каалоо-тилектерин билдиришти. Медицина факультеттинин жамааты Нооруз майрамы менен бардык кыргызстандыктарды куттуктап, тынчтык, бакубатчылык жана ден соолук каалайт!