2025-03-25 08:31:16 36
19.03.2025ж.,өзгөчө маанай тартуулаган 3 кафедра аралык КВН болуп өттү! Бул көңүлдүү иш-чарага "Ички оорулар пропедевтикасы", "Гистология жана патанатомия","Терапиялык дисциплиналар"- кафедраларынын атынан студенттер катышты. Андагы көңүлдүү тамашалар, тапкыч жооптор жана сахналашкан көрүнүштөр – көрүүчүлөрдү күлкүгө бөлөп, эсте калаарлык учурларды тартуулады. Студенттер ар түрдүү темаларды камтып, медицинадагы күнүмдүк турмушту тамашалуу жана чыгармачылык менен чагылдырды. Эң негизги жеңиш – бул достук жана биримдик демекчи, бардык катышуучуларга жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдиребиз!