2025-03-28 14:52:39 44
Кафедранын анатомиялык музейи жаңы окуу-материалдык базалар менен толукталды. Россия Федерациясынан «Развитие» уюму аркылуу аял жана эркек жынысындагы силикондук фантом-манекендер алынып келди. Бул фантом-манекендер адамдын ички органдарынын толук комплекси менен жабдылган жана жогорку деңгээлде реалисттүү жасалган. Алар окуу процессинде — лекция, практикалык сабактарда жана сабактан тышкары убакта — окутуучунун жетекчилиги астында медициналык көндүмдөрдү өздөштүрүү үчүн колдонулат. Бул жабдуулар студенттердин практикалык даярдыгын жогорулатууга жана теорияны практика менен айкалыштыруу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө багытталган. Мындан тышкары, кафедра бир катар кошумча анатомиялык окуу-методикалык каражаттар менен да камсыздалды: скелет, баш сөөк жана башкалар. Бул моделдер студенттердин визуалдык кабыл алуусун жана материалды терең түшүнүүсүн жеңилдетет.