MORPH NEWS: Нооруз 2025ж

2025-03-31 03:19:43 120

Гистология жана патанатомия кафедрасынын окутуучулары куратордук группалар менен бирге Нооруз майрамына арналган өзгөчө иш чараларды уюштурду. Студенттер кыргыз улуттук каада салттарын жана маданиятын жандуу көрсөтүү менен майрамды белгилешти. Бул иш чарала стоматология адистиги боюнча ст-1, ст-3, ст-5, ст-8-24 группалардагы студенттер активдүү катышып өз чыгармачылыктарын көрсөтө алышты. Майрамга даярдык көрүүдө жана аны өткөүүдө окутуучулар жана студенттер бирдикте иш алып барып чоң ийгиликке жетишти. Гистология жана патанатомия кафедрасынын окутуучуларына жана куратордук группаларга майрамды ийгиликтүү өткөрүүдө көрсөткөн зор эмгектери үчүн ыраазычылык билдиребиз.!