2025-04-09 10:28:10 51
4–5-апрель 2025-жылы ОшМУнун медицина факультетинин стоматология багытындагы студенттери үчүн мобилдүүлүк алкагында конок лекциялары өткөрүлдү: - «Ортопедиялык стоматология жана ортодонтиянын негиздери» - «Балдардын тиш протездөө» - «Жалпы жана жарым-жартылай тишсиздик» Биздин студенттер Өзбекстан менен Кыргызстандан келген улуу профессорлордун жетекчилиги алдында баалуу билимдерди жана практикалык көндүмдөрдү алышты: Ташкент мамлекеттик стоматология институтунун «Ортодонтия жана тиш протездөө» кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Нигматов Рахматулла Нигматович Медициналык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо борборунун «Стоматология, балдар стоматологиясы жана ортодонтия» кафедрасынын башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Гаффоров Сунатулло Амруллоевич Абу Али ибн Сино атындагы Бухара мамлекеттик медицина институтунун кафедра башчысы, медицина илимдеринин доктору, профессор Олимов Сиддиқ Шарифович САКР президенти, медицина илимдеринин доктору, профессор Калбаев Абибилла Акбураевич Бардык катышуучуларга кызыгуусу, активдүүлүгү жана билимге умтулуусу үчүн терең ыраазычылык билдиребиз!