Тажрыйба алмашуу Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин медициналык факультетинде

2025-04-10 06:01:50 63

Кафедранын улук окутуучулары Жообасарова Д.Ж.жана Айтиева Ж.Т. Жалал-Абад Мамлекеттик Университетинин медициналык факультетине академиялык мобилдүүлүк алкагында окутуучулар иш сапары менен барып келишти. Сапардын негизги максаты — тажрыйба алмашуу, билим берүү программаларын талкуулоо жана эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү болду. Иш сапардын жүрүшүндө окутуучулар окуу процессин, лабораториялык жабдууларды, студенттер менен иштөө ыкмаларын көрүп чыгып, ЖаМУнун жетекчилиги жана окутуучулары менен жолугушууларды өткөрүштү. Бул сапар келечекте жогорку окуу жайлар ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө жана билим берүү сапатын жогорулатууга өбөлгө болот.