2025-04-12 03:01:59 45
Университеттер аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана тажрыйба алмашууга багытталган академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруунун алкагында 2025-жылдын 10-апрелинде ОшМУнун медицина факультетинин деканатынын өкүлдөрү Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетине жана Жалал-Абад шаарындагы Борбордук Азия эл аралык медициналык университетине иш сапары менен барышты. Делегациянын курамына: факультеттин деканы, м.и.д, профессор И.Т.Ыдырысов, декандардын орун басарлары, ошондой эле эки кафедранын башчылары кирди. Иш сапардын алкагында жогорудагы ЖОЖдордун администрациясы, профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери менен жолугушуулар өткөрүлүп, иш сапардын жыйынтыгында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана студенттер менен мугалимдердин академиялык мобилдүүлүгү жаатында кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлду. Бул сапар эки тараптуу кызматташууга болгон кызыгуунун жогорку деңгээлин көрсөтүп, факультеттин эл аралык жана университеттер аралык байланыштарын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болду.