• Новости
  • Военно-медицинская подготовка и безопасность жизнедеятельности

ОшМУ да "Террористтик коркунуч жана өзгөчө кырдаал шартында көрүлүүчү чаралар" атту семинардык -сабак.

2025-04-12 08:44:34 53

Террористтик коркунуч жана өзгөчө кырдаал шартында көрүлүүчү чаралар жана алгачкы аракеттер тууралуу билим деңгээлин жогорулатуу максатында коменданттар, кайтаруучулар, кароолчулар жана вахтачылар үчүн семинар-сабак өткөрүлдү. Кооптуу кырдаалдарда туура аракеттенүү – башкы максат: семинар-сабак өткөрүлдү Окуу жайда коопсуздук чараларын күчөтүү жана кызматкерлердин өзгөчө кырдаал шартында туура багытта аракет кыла билүүсүн камсыз кылуу максатында, Ош МУ нин коопсуздук кызматынын башчысы Арзиев Н.М.,ОшМУ Жарандык коргонунун штаб башчысы Орозматов Т.Т. жана ОшМУ техникалык коопсуздугунун башчысы Долонбаев Т.А. коменданттар, кайтаруучулар, кароолчулар жана вахтачылар үчүн атайын семинар-сабак өткөрүштү. Иш-чара террористтик коркунуч жана өзгөчө кырдаал учурунда аткарыла турган биринчи аракеттер тууралуу билимди бекемдөөгө жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталды. Семинар-сабакта Аскердик медициналык даярдоо жана өмүр коопсуздугу кафедрасынын окутуучусу Эрмекбаев Н.Ж. "Биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн негиздери" темасында практикалык көрсөтмөлөрдү көрсөтүп берди. Ал өз сөзүндө жаракат алган адамга тез жардам көрсөтүү, кан токтотуу, жараны таңуу, жүрөк-өпкө реанимациясы (ЖӨР) сыяктуу негизги ыкмаларды түшүндүрүп, ар бир катышуучу аларды практика жүзүндө аткарып көрүшүнө мүмкүнчүлүк түздү. Мындан тышкары, семинар учурунда өзгөчө кырдаал чыккан учурда эвакуация жүргүзүү тартиби, чукул аракеттер планы жана байланыш системаларын туура пайдалануу маселелери да талкууланды. Катышуучулар террористтик коркунуч жаралган учурдагы алгоритмдер менен таанышып, кырдаалды туура баалап, тиешелүү кызматтарга ыкчам маалымат берүү жолдорун өздөштүрүштү. Бул сыяктуу иш-чаралар кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу жана жалпы мекеменин өзгөчө кырдаалдарга даярдыгын арттыруу максатында үзгүлтүксүз түрдө өткөрүлүп турат.