2025-04-17 08:47:33 23
Университеттер аралык кызматташтыкты бекемдөөгө жана тажрыйба алмашууга багытталган академиялык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруунун алкагында 2025-жылдын 10-апрелинде ОшМУнун медицина факультетинин деканатынын өкүлдөрү жана табигый илимдер дисциплиналар кафедрасынын кафедра башчысы х.и.к., доцент Г.Г. Омурзакова жана улук окутуучусу А.Т.Турсунбаева Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медицина факультетине жана Жалал-Абад шаарындагы Борбордук Азия эл аралык медициналык университетине иш сапары менен барышты. Медициналык химия жана нормалдуу физиология дисциплиналары боюнча конок лекция өткөрүштү. Бул сапар эки тараптуу кызматташууга болгон кызыгуунун жогорку деңгээлин көрсөтүп, факультеттин эл аралык жана университеттер аралык байланыштарын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болду.