2025-04-23 11:35:38 42
Бүгүн, 23-апрелде Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин программалары көз карандысыз эл аралык аккредитациядан өтүүдө. Факультеттин түзүмдүк бөлүгү болгон терапиялык дисциплиналар кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы НААР агенттигинин анкеталары аркылуу сурамжылоого катышты. Бул иш-чаранын негизги максаты — билим берүү процессинин сапатын, окутуучулардын илимий жана методикалык ишмердүүлүгүн баалоо жана үзгүлтүксүз өнүгүүнү камсыз кылуу болуп саналат. Сурамжылоо процесси академиялык чөйрөдөгү ачыктыкты, сапатка багытталган башкарууну жана студенттер менен кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган. Аккредитация — бул билим берүү мекемелеринин ишмердүүлүгүн көз карандысыз баалоо процессинин маанилүү бөлүгү болуп, ал университеттин билим сапатын жана эл аралык деңгээлдеги талаптарга шайкештигин көрсөтөт.Медицина факультетинин жамааты бул процессти жогорку жоопкерчилик менен кабыл алып, үзүрлүү жыйынтыктарга жетүүгө белсенип иш алып барууда.