2025-04-29 06:59:44 31
23.04.2024-жылы «Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо департаменти» тарабынан окутуучулардын педагогикалык тажырыйбасын, сабак өтүүнүн методикасын жакшыртуу максатында уюштурулган «ОшМУнун заманбап окутуучусу» конкурсуна терапиялык дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Айтиева Айниса Камаловна катышты. Клиническая медицина дисциплинасынан Фрв-12-23 агымына "Основные методы исследования эндокринной системы. Симптоматология сахарного диабета”" деген темада ачык сабак өтүп берди. Сабакка окуу департаментинен өкүлдөрү, комиссия мүчөлөрү, медицина факультетинин ОМК төрайымы Турсунбаева А.Т. жана кафедранын улук окутуучусу Жообасарова Д.Ж. катышышты. Сабак ОшМУнин умут телестудиясы тарабынан видеого тартылып университеттин алтын фондуна сакталат.