Эл аралык илимий-практикалык конференция

2025-05-16 06:11:31 23

2025-жылдын 16-май күнү Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин терапиялык дисциплиналар кафедрасы “Вакцинациялоо менен башкаруучу инфекциялар. Дарылоого байланыштуу көйгөйлөр жана алдын алуунун келечеги” аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Иш-чарага медицина кызматкерлери, илимий кызматкерлер жана саламаттыкты сактоо тармагындагы адистер катышып, учурдагы инфекциялык ооруларды алдын алуу, дарылоо ыкмалары жана диагностикадагы жаңы багыттар боюнча тажрыйба алмашышты. Конференциянын жүрүшүндө ар түрдүү өлкөлөрдөн келген адистер вакцинациянын ролу, дарылоодогу көйгөйлөр жана аларды чечүүнүн жолдору тууралуу баяндамалар баяндалды. Бул иш-чара медицина тармагындагы заманбап илимий жетишкендиктерди жайылтууга, аймактык жана эл аралык кызматташууну бекемдөөгө багытталган маанилүү платформа болуп калды.