2025-05-20 02:52:25 87
2025-жылдын 16- май күнү "Аскердик медициналык даярдоо жана өмүр коопсуздугу" кафедрасынын окутуучулары, мобилдүүлүк программасы боюнча тажрыйба алмашуу үчүн Кокон университетинин Андижан филиалында болуп келишти. Бул иш сапар алкагында университетттин материалдык-техникалык базасы жана окуу процесстери менен таанышып, медицина факультетинин студенттерине конок лекциялары окулду. 1. Улук окутуучу Перханова Ы.А. Жалпы университет, факультет, жана кафедранын иш тажрыйбалары менен бөлүштү. 2. Окутуучу Төлөнбаева А.Ж. Өрт коопсуздугу жана анын алдын алуу иш-чаралары боюнча лекция окуду. 3. Окутуучу Эрмекбаев Н.Ж. Өзгөчө кырдаалдар учурунда жабыр тарткандарга алгачкы медициналык жардам көрсөтүү эрежелери боюнча лекция окуду. 4. Окутуучу Махмудова Н.Ш. Өзүнүн иш-тажрыйбалары менен бөлүштү.