• Новости
  • Внутренние болезни с курсом семейной медицины

Международный симпозиум по онкологии Душанбе 31-2 июня 2025 г.

2025-06-04 05:51:24 38

Ички оорулар жана үй-бүлөлүк медицина курсу менен кафедрасынын доценттери Аттокурова Гулмира Нишанбаевна жана Айсариева Бактыгүл Кулуевна 2025-жылдын 31-майынан 2-июнуна чейин Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өткөн Онкология боюнча Эл аралык симпозиумга катышышты. Бул симпозиум онкология тармагындагы алдыңкы адистерди жана илимпоздорду бириктирип, шишик ооруларынын диагностикасы, дарылоо жана алдын алуу боюнча заманбап жетишкендиктерди талкуулоого жана тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк берди. Мындай иш-чараларга катышуу биздин окутуучуларга жаңы илимий маалыматтарды алып, аларды окуу процессинде жана клиникалык практикада колдонууга шарт түзөт.