2025-06-13 07:11:35 37
Бүгүн 12-июнь, 2025-жыл Ош мамлекеттик университетинин стоматология кафедрасында Тюмень мамлекеттик медициналык университетинен келген делегация менен расмий жолугушуу болуп өттү. Делегациянын курамында ректор Иван Михайлович Петров, окуу иштери боюнча проректор Татьяна Николаевна Василькова жана эл аралык байланыштар боюнча проректор Ефанов Алексей Юрьевич болду. Жолугушууда— эки жогорку окуу жайдын ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүү жана өнүктүрүү болду. Өзгөчө көңүл бурулган маселелердин бири – биргелешкен билим берүү программасын ишке ашырууда. Бул программанын алкагында студенттер 1-2-курстарды Ош мамлекеттик университетинде окушуп, 3-4-5-курстарын Тюмень мамлекеттик медициналык университетинде улантышат. Бул демилге келечекте эл аралык деңгээлдеги жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого өбөлгө түзөт. Жолугушуунун жүрүшүндө делегация стоматология кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы менен жакындан таанышып, алардын илимий жана практикалык ишмердүүлүгү менен кеңири таанышышты. Тараптар ортосунда илимий жана билим берүү жаатындагы тажрыйба алмашуу, заманбап окутуу методдорун ишке ашыруу жана стоматология тармагын өркүндөтүү маселелери боюнча активдүү пикир алмашуу болду. Ошондой эле жаш окутуучулар менен академиялык мобилдүүлүк маселеси, алдыдагы жылдар үчүн стажировка жана алмашуу программаларын уюштуруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Бул мүмкүнчүлүктөр жаш кадрлардын кесиптик өсүшүнө жана эл аралык тажрыйба топтоосуна өбөлгө болот.