• Новости
  • Кафедра естественнонаучных дисциплин

Тюмень мамлекеттик медициналык университетинен келген делегация ТИД кафедрасында.

2025-06-13 14:46:10 152

Бүгүн 13-июнь, медицина факультетинин табигый илимдер дисциплиналар кафедрасында Тюмень мамлекеттик медициналык университетинен келген делегация менен расмий жолугушуу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө делегация табигый илимдер дисциплиналар кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы менен жакындан таанышып, алардын илимий жана практикалык ишмердүүлүгү менен кеңири таанышышты. Тараптар ортосунда илимий жана билим берүү жаатындагы тажрыйба алмашуу, заманбап окутуу методдорун ишке ашыруу маселелери боюнча активдүү пикир алмашуу болду.