2025-06-18 07:30:10 37
Ош мамлекеттик университетинин Медицина факультетинин жалпы жамаатын, өзгөчө Стоматология, Дарылоо иши, Педиатрия, Медико-профилактикалык иш, жана Фармация адистиктеринин окутуучуларын, студенттерин жана бүткүл команда мүчөлөрүн НААР тарабынан ийгиликтүү аккредитациядан өтүшү менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Бул жетишкендик – сиздердин талыкпаган эмгегиңиздердин, кесипкөйлүгүңүздөрдүн жана билим берүүдөгү жогорку сапатка умтулуубуңуздардын ачык далили. Бул кадам – сапаттуу медициналык билим берүүдө дагы бир маанилүү белес. Сиздерге мындан ары да жаңы ийгиликтерди, күч-кубат, чыгармачылык дем жана эл үчүн кызмат кылууда бийик жетишкендиктерди каалайбыз! Университетибиздин аброюн дагы да көтөргөнүңүздөр үчүн чоң рахмат!