MORPH NEWS: квалификацияны жогорулатуу

2025-06-25 07:22:44 103

ОшМУнун Медицина факультетинин гистология жана патанатомия кафедрасы ОшМУнун квалификацияны жогорулатуу борбору менен биргеликте 72 сааттык окутуу курсун уюштурду. Бул курс «Гистология жана патанатомияны окутууда салттуу жана инновациялык ыкмаларды интеграциялоо» темасында өткөрүлүп, медициналык билим берүүдөгү заманбап усулдарды практикага киргизүүнү максат кылды. Курска кафедранын окутуучулары жана башка тийиштүү адистер катышып, теориялык жана практикалык сабактар өткөрүлүүдө. Окутуу процессинде интерактивдүү лекциялар, визуалдык материалдар, санариптик микроскопия, 3D моделдөө, клиникалык мисалдар менен иштөө жана топтук талкуулар кеңири колдонулат.