• Новости
  • Военно-медицинская подготовка и безопасность жизнедеятельности

Кафедрабызда “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу XII аймактык конференциясы болуп отту.

2025-11-21 10:31:58 58

2025-жылдын 21-ноябрь күнү “Студент жана илимий-техникалык прогресс” аттуу XII аймактык студенттик илимий конференциянын алкагында “Аскердик-медициналык даярдоо жана өмүр коопсуздугу” кафедрасынын окутуучулары тарабынан медицина факультетинин 3-4 курс студенттери арасында илимий конференция өткөрүлдү. Конференция кафедра башчысы доцент Т.Т.Орозматовдун куттуктоо сөзү, студенттерге ийгилик каалоосу менен башталып, КР гимни жаңырды. Конференция модератору кафедранын окутуучусу Н.Ж.Эрмекбаев калыстар тобу менен тааныштырды. Калыстар тобунун мүчөлөрү: Курманкулов А.Ш.Бекиев К.М., Эндеше уулу Эрлан Конференцияга дарылоо иши, стоматология, педиатрия адистигинин студенттери катышышты. Студенттердин жасаган докладтарын калыстар тобу так, туура баалашып төмөнкү студенттер дипломдор менен сыйланышты. 1.I-даражадагы диплом менен Кадырова Лазиза Стом-4-22 “Влияние сахарного диабета на развитие кариозного поражение”. Жетекчиси окутуучу Жалалова Г.Т. 2.II- даражадагы диплом менен Джаанбаева Ангелина Лк-1-22 “Роль искусственного интеллекта в диагностике онкозаболеваний”. Жетекчиси окутуучу Мырзабекова А.Ч. 3.III- даражадагы диплом менен Ыдырысова Айзирек Пед-1-23 “Педиатрическая сортировка как основа спасения детей в массовых чрезвычайных ситуациях”. Жетекчиси улук окутуучу Перханова Ы.А. Андан сырткары кафедранын октуучулары Н.Ш.Махмудова, Н.А.Жусупбаев, Б.М.Мурзаевдер даярдаган студенттер активдүү катышып, ардак грамоталар менен сыйланышты.