• Новости
  • Военно-медицинская подготовка и безопасность жизнедеятельности

Н.И.Пирогов – аскердик медицинаны негиздөөчү

2025-11-25 16:27:55 48

2025-жылдын 25-ноябрь күнү “Аскердик-медициналык даярдоо жана өмүр коопсуздугу” кафедрасынын улук окутуучусу Ы.А. Перханова улуу врач, аскердик- талаа хирургу, аскердик медицина жана медициналык кызматты уюштуруу жана анын тактикасы дисциплинасын негиздөөчүсү Николай Иванович Пироговдун туулган күнүнө арналган ачык сабак өттү. Ачык сабак медицина факультетинин 3-курс “Дарылоо иши” адистигинин 2-агымында өтүп, студенттер Пироговдун өмүр баяны, аскердик медицинага кошкон эбегейсиз салымы тууралуу кызыктуу баяндамаларды жасашты. Сабакка кафедра башчы Т.Т.Орозматов, окутуучулары Н.Ш.Махмудова, Н.А.Жусупбаев, Н.Ж.Эрмекбаевдер катышышты.