2025-12-01 10:59:22 34
1-декабрь – Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүнө карата “Аскердик-медициналык даярдоо жана өмүр коопсуздугу” кафедрасынын окутуучулары медицина факультетинин 3-курс студенттери арасында “ВИЧ/СПИД тууралуу өз билиминди текшерип көр” викторинасын өткөрүштү. Викторинага улук окутуучу Ы.А.Перханова, октуучулар Н.Ш.Махмудова, Н.А.Жусупбаевдер сабак берген Ст-5-23, ЛК-19-23, Ст-9-23 агымдардын студенттери катышып, төмөнкү тапшырмаларды аткарышты: 1.ВИЧ/СПИД тууралуу “Базалык билиминдерин текшерүү” үчүн даярдалган тесттик суроолорго жооп беришти; 2.ВИЧ/СПИД тууралуу даярдалган суроолордун чындык же миф экендигин аргументтер менен далилдешти; 3.Кырдаалдык тапшырмалардагы аракеттердин туура же туура эместигине анализ беришип, андан аркы аракеттердин алгоритмин түзүштү; 4.ВИЧ/СПИД туралуу профилактикалык видео роликтердин максатын түшүндүрүп беришти; Студенттердин аткарган тапшырмаларын жюрилер кафедра башчы Т.Т.Орозматов, окутуучу Н.Ж.Эрмекбаев, А.Ж.Толонбаева жана ПИжЖИнун методисти М.Б.Рахимовалар калыс баалашып, жыйынтыгында студенттер кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.