MORPH NEWS: Самарканд 2025

2025-12-10 05:07:14 34

Самарканд мамлекеттик медициналык университетинде гистология предмети боюнча өткөрүлгөн олимпиада ийгиликтүү жыйынтыкталды. Бул интеллектуалдык таймашка Морфологиялык дисциплиналар кафедрасынын улук окутуучусу Жаныбек кызы Каныкей эжекенин жетекчилиги алдында даярдалган студент Абинидова Айпери катышты. Олимпиаданын жыйынтыгында Абидинова Айпери жогорку билим деңгээлин, теориялык даярдыгын жана практикалык көндүмдөрүн көрсөтүп, 2-орунду татыктуу ээлеп, окуу жайдын аброюн көтөрдү. Жеңишке жеткен студентти жана илимий жетекчисин бул ийгилик менен чын жүрөктөн куттуктайбыз! Мындан аркы окуусуна жана чыгармачылык изденүүсүнө ийгиликтерди каалайбыз.