"Кыргыз рухунун кош канаты - Чыңгыз жана Алыкул!"

2025-12-12 12:48:18 15

2025- жылдын 12- декабрында ОшМУнун медицина факультетинде Улуттук адабият күнүнө арналган "Кыргыз рухунун кош канаты - Чыңгыз жана Алыкул!" аттуу адабий- музыкалык кече болуп өттү. Адабият майданынын залкарлары Ч.Айтматов менен А.Осмоновдун чыгармачылыгын, ишмердүүлүгүн чагылдырган бул кече факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын доценттери С.Давлатова, Г.Койчуманова, К.Чотикееванын жетекчилигинде даярдалып, стоматология жана МПД адистигинин студенттери чыгармалар боюнча сахналык көрүнүштөрдү, монологдорду ж.б. аткарышты, көрармандарга жакшы маанай жаратышты.Кечеге медицина факультетинин деканынын окуу иштери боюнча орун басарлары: Мырзашева Назгүл, Султанов Нурсултан, ФАКТ кафедрасынын башчысы доцент З. Каразакова жана окутуучулар катышышты. Аягында студенттер факультеттин Ардак грамотасы менен сыйланышты.