2026-01-23 08:25:09 13
«Ички оорулардын пропедевтикасы жана факультеттик терапия» кафедрасынын окутуучусу Аралова Жыргал Хамидовна «21-кылымдын окутуучусу: жаңы технологиялар жана креативдүү окутуу» аттуу квалификацияны жогорулатуу курсунан ийгиликтүү өттү. Курс окутуучулардын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга, заманбап билим берүү технологияларын жана креативдүү окутуу ыкмаларын окуу процессинде натыйжалуу колдонууга багытталган. Курстун алкагында санариптик платформалар, интерактивдүү ыкмалар жана инновациялык методдор боюнча билимдер өздөштүрүлүп, алынган тажрыйбаны окуу процессине киргизүү маселелери талкууланды.