2026-03-11 08:36:42 52
Ош мамлекеттик университетинин студенттери жаштар ишкерчилигин колдоого багытталган «Студенттик стартап – 2025» республикалык конкурсунда жеңүүчү болду. Натыйжада алар стартап-долбоорлорун ишке ашырууга мамлекеттик гранттарды утуп алышты. Сынак Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы «Студенттик стартап» пилоттук программасы тууралуу токтомунун негизинде өткөрүлдү. Максаты – жаштардын ишкердик демилгелерин колдоо жана жогорку окуу жайларда инновациялык бизнес-идеяларды өнүктүрүүгө багытталган. Аны Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу «Инновациялык борбор» мамлекеттик мекемеси уюштурган. Өтүнмөлөр 2025-жылдын 12-майынан 12-августуна чейин кабыл алынып, өлкөдөгү жогорку окуу жайлардын студенттеринен жалпы 72 стартап-долбоор сунушталган. Эксперттик комиссиянын жыйынтыгында мыкты делген 14 долбоор финалга чыгып, алардын арасынан жеңүүчүлөр аныкталды. Ош мамлекеттик университетинен да эки стартап-долбоор жеңүүчү деп табылып, мамлекеттик гранттарды утуп алды. Биринчи долбоор – «Тикенектүү артишокту (Cynara scolymus L.) Кыргызстанда өстүрүү жана андан капсула чыгаруу». Долбоордун гранттык суммасы 790 миң 850 сомду түзөт. Анын алкагында артишок өсүмдүгүн өстүрүп, жалбырактарынан алынган экстракттын негизинде биологиялык активдүү кошумча катары колдонулуучу капсулаларды өндүрүү пландалууда. Долбоорду «ФИУ жана ФГЗ» кафедрасынын башчысы, QA-инженер фарм.и.к. Жекшен Касеновчи Маматов, окутуучу, өндүрүш боюнча кызматкер Чубакова Сымбат Чубаковна, аспирант, өндүрүш боюнча кызматкер Ганыев Руслан Жакшыбаевич, окутуучу, маркетолог Маматов Рустамбек Жанибекович, аспирант, бухгалтер Раззакова Назпери Азизбековна, ассистент-стажёр, Сатаров Нурсеит Закирияевич, студент, өндүрүш боюнча кызматкер Мойдинов Улугбек жана студент, өндүрүш боюнча кызматкер Нурислам Абдираимжан уулу ишке ашырган.