2026-03-16 05:54:10 43
Ош мамлекеттик университетинин, медицина факультетинде Ош шаарынын мэриясы тарабынан «Жазгы үч айлыкты жарыялоо, Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо» боюнча 2026-жылдын №217 токтомуна ылайык ишембилик иштери жүргүзүлдү. Аталган иш-чаранын алкагында Фармацевтикалык ишти уюштуруу жана фармакогнозия кафедрасынын окутуучулук курамы толугу менен ишембиликке активдүү катышып, медицина факультетинин аймагында кафедрага бөлүнгөн тилкеде тазалоо, иретке келтирүү жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү.