16.03.2026 ж хирургиялык оорулар кафедрасынын кызматкерлери жана медицина илимдеринин докторлору менен ифтарлык

2026-03-23 08:01:09 15

Бүгүн 16.03.2026 ж кафедрабыздын кызматкерлери, урматтуу мугалимдерибиз жана медицина илимдеринин докторлору бир дасторкондо чогулуп, ыйык Рамазан айындагы ифтарлыкта жолугушту Бул кечеде биримдик, урмат-сый жана жылуу баарлашуу өзгөчө сезилип турду. Устаттарыбыздын акыл-насааты, тажрыйбасы жана адамгерчилиги ар бирибиз үчүн чоң үлгү болуп саналат. Мындай жолугушуулар жамааттык ынтымакты бекемдеп, келечекке болгон ишенимди арттырат. Өзгөчө кафедра башчыбыз, медицина илимдеринин доктору Арсен Сапарбековичке ушундай жылуу жолугушууну уюштурганы үчүн терең ыраазычылык билдиребиз. Сиздин жетекчилигиңиз, колдооңуз жана камкордугуңуз биздин жамаат үчүн абдан баалуу Бардык кармаган орозолор кабыл болсун, ар бир үй-бүлөгө тынчтык, береке жана ден соолук каалайбыз