2026-04-07 03:12:42 66
ОшМУнун Медициналык факультетинде акушерство жана гинекология кафедрасынын башчысы, м.и.к., доцент Г.А. Субанованын жетекчилиги астында 2026-жылдын 4-апрелинде акушерство, гинекология жана неонатология багыттары боюнча студенттик олимпиада ийгиликтүү өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жарлыгын ишке ашыруу, мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү жана студенттердин кесиптик даярдыгын өркүндөтүү максатында уюштурулду. Олимпиадада студенттер теориялык билим, практикалык көндүм, чыгармачылык жөндөм жана командалык иштөө боюнча күч сынашты. Программага тааныштыруу, чыгармачылык тапшырмалар, тесттик суроолор, ситуациондук маселелер жана Димедус, Виртугин платформаларындагы практикалык тапшырмалар киргизилди. Жыйынтыгында Гран-прини “Эмбрион” командасы жеңип алды. I орунду “Аисст-экспресс”, II орунду “Neo Vitae” жана “Мурас”, III орунду “Cervix Domina”, “Асыл зат” жана “Код жизни” командалары ээледи. Командалардын жетекчилерине ОшМУнун профсоюз комитети жана кафедра башчысы Г.А. Субанованын атынан акчалай сыйлыктар тапшырылды. “Аталган олимпиада студенттердин билимин практика менен айкалыштырууга, кесиптик кызыгуусун арттырууга жана келечектеги адистик багытын бекемдөөгө чоң өбөлгө түздү”– м.и.к., доцент, ОшМУнун медицина факультетинин деканы Мамашарипов Кылычбек Мамадалиевич өз сөзундо белгиледи.