MORPH NEWS: Өзбекстандык студенттер ОшМУнун медицина факультетинде.

2026-04-20 09:58:51 42

Өзбекстандык студенттер ОшМУнун медицина факультетинде: Академиялык мобилдүүлүк ийгиликтүү жыйынтыкталды Ош мамлекеттик университети менен Өзбекстандын Фармацевтикалык билим берүү жана изилдөө институтунун ортосундагы кызматташтык алкагында академиялык мобилдүүлүк программасы ийгиликтүү ишке ашууда. Иш сапардын негизги багыттары: Программанын алкагында Өзбекстандан келген 15 студенттен турган топту Медициналык-биологиялык дисциплиналар кафедрасынын доценти Н.Н. Гафуров жетектеп келди. 2026-жылдын 17-апрелинде коноктор медицина факультетинин Морфологиялык дисциплиналар кафедрасында болушту. Жолугушуунун жүрүшүндө студенттер төмөнкүлөр менен таанышты: Кафедранын заманбап жабдылган окуу кааналары; Бай материалдык-техникалык база; Сейрек экспонаттарга бай анатомиялык музей. Билим берүү жана тажрыйба алмашуу: Мобилдүүлүктүн алкагында коноктор кафедра башчысы, м.и.к., доцент Б.К. Кенешбаевдин кызыктуу лекциясына катышып, кесиптик тажрыйбаларын тереңдетишти. Салтанаттуу жыйынтык: Иш-чаранын соңунда ОшМУнун башкы имаратында салтанаттуу кече уюштурулду. ОшМУнун кесиптик бирлигинин төрагасы А.Э. Саттаровдун катышуусунда студенттерге атайын сертификаттар тапшырылды. Салтанаттуу жыйынтык сый тамак менен коштолуп, конокторго кыргыз элинин меймандостугу көрсөтүлдү. Бул сыяктуу иш-чаралар эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы байланышын чыңдап, келечектеги адистердин квалификациясын жогорулатууга чоң өбөлгө түзөт.