2026-05-14 04:28:23 25
2026-жылдын 22-24–апрель күндөрү “Аскердик медициналык даярдоо жана өмүр коопсуздугу” кафедрасынын окутуучулары, мобилдүүлүк программасы боюнча М.М. Адышев атындагы Ош Технологиялык университетинде болуп келишти. Бул иш сапар алкагында окутуунун инновациялык ыкмалары жана студенттердин чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүдө санараптик технологияларды колдонуу артыкчылыктары боюнча илимий кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, алдыңкы тажрыйбаларды киргизүү, ошондой эле академиялык байланыштарды чыңдоо максатында жогорку окуу жайлар ортосунда тажрыйба алмашуу үчүн 1-курстарга конок лекциялар окулду. 1. Төлөнбаева А.Ж. “24-март Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнү”, 2. Жалалова Г.Т. “Сергек жашоо жана ден соолуктун негиздери”, 3. Кулданова А.У. “Экстремалдык кырдаалдарда кечиктирилгис биринчи медициналык жардам көрсөтүү”.