MORPH NEWS:Конок лекция.

2026-05-20 04:20:46 15

2026-жылдын 7-апрелинде Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин медицина факультетинде студенттердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында мазмундуу конок лекциясы өттү. Иш-чара Ош мамлекеттик университети менен түзүлгөн академиялык кызматташтыктын алкагында уюштурулду. Лекцияны Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин морфологиялык дисциплиналар кафедрасынын доценти А.Э.Саттаров окуду. Ал "Дарылоо иши" адистигинин 1-курсунун студенттерине гистология, цитология жана эмбриология предметинен "Нервная ткань" деген темада тереңдетилген маалыматтарды жеткирди. Лекция учурунда болочок дарыгерлер нерв системасынын түзүлүшү жана анын өзгөчөлүктөрү боюнча маанилүү суроолоруна жооп алышты. Мындай форматтагы жолугушуулар студенттердин кесиптик жана интеллектуалдык өнүгүүсүнө зор салым кошуп, теориялык даярдыгын практикалык көндүмдөр менен бекемдөөгө өбөлгө түзөт. Ошондой эле, бул иш-чара эки чоң окуу жайдын ортосундагы илимий-академиялык байланышты дагы бир тепкичке көтөрдү.