2026-05-25 05:45:36 6
Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Талас аймактык көп тармактуу институтунда өткөрүлгөн “Илимге карай жол: Жаштар жана Инновациялар” аттуу XXIII студенттик илимий-практикалык конференцияда 5- курс студенттери онлайн форматта активдүү катышып, илимий баяндамаларын ийгиликтүү сунушташты. Конференциянын алкагында студенттерге сертификаттар тапшырылып, илимий жетекчи Абдраева Феруза Асылбековнанын жетекчилиги белгиленди. Иш-чара жаштардын илимге болгон кызыгуусун арттырып, инновациялык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө чоң салым кошту.