2026-05-30 05:59:48 25
Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинин Ички оорулардын пропедевтикасы жана факультеттик терапия кафедрасынын окутуучусу Аралова Жыргал Хамидовна «Заманбап СӨАИ чебери» аттуу конкурска активдүү катышып, өзүнүн педагогикалык чеберчилигин жана чыгармачыл тажрыйбасын ийгиликтүү көрсөттү. Конкурстун жүрүшүндө катышуучулар студенттердин өз алдынча окуу ишмердүүлүгүн уюштуруудагы заманбап усулдарды, инновациялык окутуу технологияларын жана билим берүү процессиндеги мыкты тажрыйбаларын сунушташты. Аралова Ж.Х. өзүнүн усулдук иштелмелерин тааныштырып, кесиптештери тарабынан жогору бааланды. Бул конкурс окутуучулардын кесиптик өнүгүүсүнө өбөлгө түзүп, билим берүү сапатын жогорулатууга багытталган жаңы идеяларды жайылтууга мүмкүнчүлүк берди. Кафедра жамааты Аралова Жыргал Хамидовнаны ийгиликтүү катышуусу менен куттуктап, мындан аркы эмгек жолунда чыгармачылык ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайт.