2026-06-20 04:49:57 28
Кафедрада «Студенттердин өз алдынча иштерин уюштуруу жана аларды баалоо критерийлери» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинарды окутуучу Мамытова М.М. алып барып, студенттердин өз алдынча иштерин натыйжалуу уюштуруунун жолдору, билимди баалоонун заманбап ыкмалары жана баалоо критерийлерин туура колдонуу маселелери боюнча маалымат берди. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар тажрыйба алмашып, окуу процессинин сапатын жогорулатууга багытталган сунуштарды талкуулашты.