• Новости
  • Эпидемиология ,микробиология и инфекционные болезни

Окуу -усулдук семинар кафедра тарабынан

2026-06-20 05:00:40 29

Кафедрада «Микробиология, эпидемиология жана жугуштуу оорулар боюнча баалоо каражаттарынын фондунда кырдаалдык маселелерди жана тесттик тапшырмаларды түзүүнүн усулдук өзгөчөлүктөрү» темасында семинар өткөрүлдү. Иш-чара кафедранын окутуучулары тарабынан уюштурулуп, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн баалоонун заманбап ыкмалары талкууланды. Семинарда кырдаалдык маселелерди жана тесттик тапшырмаларды түзүүнүн негизги принциптери, алардын мазмундук сапатын камсыздоо жана окуу программаларына шайкеш келтирүү маселелери каралды. Катышуучулар өз ара тажрыйба алмашып, баалоо инструменттерин өркүндөтүү боюнча сунуштарын билдиришти.