• Новости
  • Эпидемиология ,микробиология и инфекционные болезни

Окуу-усулдук семинар Мурзакулова А.Б.

2026-06-20 05:05:59 28

Кафедрада «Инфекциялык көзөмөл. Медициналык жардам көрсөтүүгө байланышкан инфекциялар» темасында семинар өткөрүлдү. Семинарды Мурзакулова А.Б. жүргүзүп, медициналык уюмдарда инфекциялык коопсуздукту камсыз кылуу, инфекциялардын алдын алуу жана көзөмөлдөө боюнча актуалдуу маселелерге токтолду. Иш-чаранын жүрүшүндө медициналык жардам көрсөтүүгө байланышкан инфекциялардын пайда болуу себептери, алдын алуу чаралары жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоонун мааниси талкууланды. Катышуучулар практикалык тажрыйба алмашып, медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана коопсуздугун жогорулатуу боюнча сунуштарды карап чыгышты.