ОшМУ менен Корея Эл Республикасынын “Жаркын Кыргызстан” долобоорунун алкагында кызматташуунун жолугушуу программасы

2026-09-15 09:52:42 5

2026-жылы 09.09. – 10.09. күндөрү ОшМУнун медицина факультетинин Эл аралык медициналык билим берүү программалары (долбоордук программалар) кафедрасынынын уюштуурусунда ОшМУ менен Корея Эл Республикасынын “Жаркын Кыргызстан” долобоорунун жетекчиси Шин Хенсук жана анын командасы ОшМУнун ректору, профессор К.Г. Кожобеков, ОшМУнун тышкы байланыштар боюнча проректору, б.и.к., доцент Аттокуров К,Ш., медицина факультетинин деканы, м.и.к., доцент Мамашарипов К.М., Кыргыз республикасынын медициналык колледждердин Ассоциациясынын төрагасы, м.и.к., доцент Станбаев Ө. Т., ОшМУнун базасындагы ОшМУнун медицналык колледжиинин директору Кыдыршаева Ж.А., Өзгон медициналык колледждин директору Каримбаев Э. жана мугалимдер жамааты менен 2026-2027 окуу жылына карата жолугушуу болуп оттү. Жолугушуунун негизги максаты Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде бакалавриат багыты боюнча 560200 “Медайымдык иш” адистигинин билим берүү программасын кеңейтүү маселесин талкуулоо. Өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү жана кызматташуунун келечеги. ОшМУнун Медицина факультетинин деканы, м.и.к., доцент Мамашарипов К.М. жана кафедра башчы, улук окутуучу х.и.к. А.К. Матаипова Корея Эл Республикасынын “Жаркын Кыргызстан” долобоорунун жетекчиси Шин Хенсук жана анын командасы менен жолугушуу өткөруп жатканы менен куттуктоо сөздөрүн айтышты жана бакалавриат багыты боюнча 560200 “Медайымдык иш” билим берүү программасынын ОшМУдагы азыркы мезгилдеги абалы жана кафедранын негизги багыттары, стратегиялык пландарына токтолушту. Профессор Шин Хенсукка BK-LUPIC долбоорунун 5-жылдагы ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары менен тааныштыруу менен өзүнүн бир топ эмгектерин презентация аркылуу мугалимдик жамаатка бөлүштү. 10.09.2026 ж. күнү жолугушууда ОшМУнун ректору, профессор Кожобеков Кудайберди Гапаралиевич өз сөзүндө Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде бакалавриат багыты боюнча 560200 “Медайымдык иш” адистигинин билим берүү программасын кеңейтүү маселесин талкуулоосун колдоп, өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү жана кызматташуунун келечегине жол ачуусуна толук колдоо менен жардам берүүсүн жана кафедранын ушул билим берүү программасынын материалдык-техникалык базасын чындоодо биргеликте иш алып баруусун айтып өттү. ОшМУнун Медицина факультетинин деканы, м.и.к., доцент Мамашарипов К.М. ОшМУнун медицина факультетинде бакалавриат багыты боюнча 560200 “Медайымдык иш” адистигинин билим берүү программасынын ишке ашкандыгына студенттер кабыл алынгандыгына токтолуп, мындан ары кеңейтүү маселесин колдоорун, проекттин жетекчиси жана командасы менен өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүүнү жана чындоону айтып өттү. Андан ары профессор Шин Хенсук BK-LUPIC долбоорунун 5жыл ичинде ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары менен тааныштыруу менен өзүнүн бир топ .эмгектерин болушуп , бакалавриат багыты боюнча 560200 “Медайымдык иш” адистигинин билим берүү программасын кеңейтүү маселесин колдоп, кафедрага керектүү аппараттар менен камсыздоону жана жогорку деңгээлде биргеликтүү иш алып барууну, колдоосун баса белгиледи. Ошондой эле Шин Хенсук кафедра башчы А.К. Матаиповага жеке өзүнун атынан кафедрага эки ноутбук белек катары тапшырды. Мындан ары кафедрага симуляциялык жабдууларды алып берип, стимуляциялык кабинет ачууда Жаркын Кыргызстан проектиси тарабынан жардам берилерин айтып өттү